Түндүк Казакстан облусундагы Qyzyljar атайын экономикалык аймагын өнүктүрүүгө 9,5 миллиард теңгеден ашык каражат бөлүндү. Каражаттар атайын мамлекеттик фонддон бөлүндү. Ошентип, кайтарылган активдердин эсебинен аймакта жаңы инфраструктура жана инженердик коммуникациялар курулат. Бул тамак-аш өнөр жайы, унаа жасоо жана айыл чарба тармактарындагы 16 инвестициялык долбоорду ишке киргизүүнү тездетүүгө мүмкүндүк берет. Аларга салынган инвестициялардын жалпы суммасы 279 миллиард теңгени түзөт. Белгилей кетсек, учурда Qyzyljar зонасында 20 катышуучу катталган жана 5 долбоор ишке киргизилген.
Канат Шамсутдинов, Түндүк Казакстан облусу акимчилигинин ишкердик жана индустриялдык-инновациялык өнүгүү башкармасы бышчысынын орун басары:
- Атайын экономикалык зонасы аймагында суу менен камсыздоо жана жаан-чачын канализациясы боюнча иштер аяктады. Темир жол, жылуулук тармактарын, жолдорду жана дренаждык системаларды куруу иштери жүрүп жатат. Ошондой эле аймакты телефондоштуруу, жашылдандыруу иштери жүргүзүлүүдө. Заманбап инфраструктураны түзүү жаңы өндүрүштөрдү ишке киргизүү жана иштеп жаткан ишканаларды өнүктүрүү үчүн бардык зарыл шарттарды камсыз кылат. Бул аймакка жаңы жумуш орундарын түзүп, аймактын өнөр жай дараметин бекемдейт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

