Казакстан
Италияга жалпы баасы 900 миллион долларды түзгөн 110 товардык позициядагы өнүмдүн
экспортун көбөйтүүгө даяр. Бүгүнкү күндө Италия Казакстандын дүйнөлүк соода
өнөктөшү катары Евробиримдиктин өлкөлөрүнүн арасында биринчи орунда турат.
Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча эки тараптуу соода жүгүртүү 55%га өсүп, 15 миллиард
АКШ долларын түздү. Ошол эле учурда Италия Евробиримдиктин ичинен Казакстандын
экономикасына эң ири беш туруктуу инвестордун бири. Акыркы 17 жылда
инвестициянын жалпы көлөмү 7 миллиард доллардан ашты. Өткөн жылдын жыйынтыгы
боюнча болжол менен 2,5 эсеге өсүп, 300 миллионго жакындаган. Бул тууралуу
өлкөнүн өкмөт башчысы Алихан Смаилов Италиянын Министрлер кеңешинин төрагасынын
орун басары – тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министри менен
жолугушууда билдирди. Тараптар унаа жасоо, энергетика, анын ичинде кайра жанма
энергия булактарын өнүктүрүү, ошондой
эле агроөнөр жай сектору, билим берүү жана башка тармактардагы мамилелердин
актуалдуу маселелерин талкуулашты. Белгилей кетсек, Антонио Таяни Астанага
расмий иш сапары менен келген. Кечээ Тышкы иштер министрлигинде эки тараптын
өнөктөштүгүн кеңейтүү боюнча сүйлөшүүлөр болду. Алматыда Борбор Азиядагы алгачкы
италиялык маданият институту ачылып, казакстандык жарандарга Шенген визасын
алуу жеңилдей турганы белгилүү болду.
Антонио Таяни, Италия министрлер кеңеши төрагасынын орун
басары, Тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министри:
-Европага барууну көздөгөн казакстандык жарандар үчүн виза маселесине келсек, биз сиздердин өлкөлөрдүн жарандарынын Европага кирүүсүнө көмөктөшүүгө аракет кылабыз. Бул жаатта биздин элчилик ыкчам иш алып барат. Италияга жума сайын эки туруктуу каттам бар. Биз туризм тармагын дагы да жакшырткыбыз келет.
Алдыдагы
убакытта тараптар түрдүү тармактарда 20дан ашык биргелешкен өнөр жай
долбоорлорун иштеп чыгууну пландаштырууда. Алардын баасы жарым миллиард
долларга жакын. Бүгүнкү күндө Казакстанда 270ке жакын италиялык компания
ийгиликтүү иштеп жатат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков