Германия 2005-жылдан бери Казакстанга 8 миллиард доллардан ашык инвестиция салды

Германия 2005-жылдан бери Казакстанга 8 миллиард доллардан ашык инвестиция салды

Казакстандын Президенти Германиянын Федералдык экономика жана энергетика министри Катерина Райхени кабыл алды. Касым-Жомарт Токаевдын айтымында, 2005-жылдан бери Германиядан Казакстандын экономикасына 8 миллиард доллардан ашык инвестиция тартылган. Анын басымдуу бөлүгү чийки зат эмес секторго таандык. Өлкөдө немис капиталынын үлүшү бар миңден ашык компания ийгиликтүү иштейт. Мамлекет башчысы Казакстан тарап немис бизнесинин ата мекендик рынокко көбүрөөк келиши үчүн зарыл шарттарды түзүүгө даяр экенин ырастады. Катерина Рейхе мамлекеттин социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү олуттуу ийгиликтерине токтолуп, эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүнүн дарамети чоң экенин билдирди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков