Газ баасына тариф келерки жылы да мамлекет тарабынан жөнгө салынат

Газ баасына тариф келерки жылы да мамлекет тарабынан жөнгө салынат

Казакстандын аймагындагы автогаз куюучу жайларда унааларга күйүүчү май куюу үчүн суюлтулган газдын чекене баасы дагы 6 айга мамлекет тарабынан жөнгө салынат. Бул тууралуу Казакстан Республикасынын Атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү боюнча агенттигинин төрагасынын буйругунда айтылат. Ал келерки жылдын кулжа айынын 30на чейин күчүндө болот. Бааларды жөнгө салууга суюлтулган мунай газы рыногунун чекене сегментинде эркин бааны белгилөө шартында баалардын кескин өсүшү жана коомдогу социалдык чыңалуунун пайда болуу коркунучу таасир эткен. Белгилей кетсек, мамлекет башчынын 2022-жылдын үчтүн айынын 5деги буйругу менен автогаз куюучу жайлардан суюлтулган мунай газын чекене сатууга максималдуу баалар белгиленген. Газдын баасы аймактарга жараша литри 70 теңгеге чейин болду. Аталган буйруктун мөөнөтү 2023-жылдын үчтүн айынын 1де аяктайт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков