Ооганстан Астанада соода-экономикалык дараметин көрсөттү

Ооганстан Астанада соода-экономикалык дараметин көрсөттү

Астанада Казакстандын жана Ооганстандын ишкер топтору бизнес-сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Ооган тарап жергиликтүү ишкерлерге өзүнүн соода-экономикалык жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырышты. Эми аталган мамлекет энергетика, жол жана темир жол куруу, телекоммуникация тармагына инвестиция тартууга кызыкдар. Ооганстандын өкүлдөрүнүн айтымында, өлкө бийлиги инвесторлорго жагымдуу шарттарды жана түрдүү артыкчылыктарды берүүгө даяр. Мисалы, кайра иштетүү тармагы жана тоо-кен өнөр жайы жабдууларды сатып алууда салыктан бошотулат. Киреше салыгы боюнча жеңилдиктер да бар. Белгилей кетсек, өткөн жылы өз ара соода жүгүртүү 1 миллиард долларга жакынды түзгөн. Ооганстан казак унун алдыңкы импорттоочусу болуп саналат жана ата мекендик бренддердин өсүмдүк майын эң көп керектөөчүлөрдүн бештигине кирет. Соода министрлигинин маалыматы боюнча, учурда өлкөдө 5 биргелешкен ишкана иштеп жатат. Быйыл Ооганстандын Герат шаарында Казакстандын соода үйү ачылды. Эске сала кетсек, бүгүн баш калаада Казакстан-Ооган бизнес форуму ишин баштады.

Которгон:  Илгиз Жамалбеков