ӨКМ: Суу каптоодон миңге жакын адам куткарылды

ӨКМ: Суу каптоодон миңге жакын адам куткарылды

Өлкөнүн суу каптаган аймактарынан миңге жакын адам эвакуацияланды. Алардын жарымы убактылуу жайларга жеткирилди. Кээ бирлери туугандарынын үйлөрүндө убактылуу баш калкалоодо. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кырдаал борборунан билдиришкендей, бул үчүн жергиликтүү бийлик тарабынан эвакуациялоочу атайын пункттар алдын ала даярдалган. Бүгүнкү күндө суу ташкынын чыгымын эсептөө боюнча комиссия түзүлдү.

Жомарт Аскаров, өкмнын өзгөчө кырдаал департаменти башчысынын орун басары:

– Батыш Казакстан облусунда жана Актөбө облустарында абал оор. Батыш Казакстанга  Мангыстау жана Атырау облустарынан кошумча күчтөр жана техникалар жөнөтүлгөн. Азыркы учурда алар Батыш Казакстан облусунда иштерин аткарып жатышат

Анткен менен республиканын 340 калктуу конушунда суу каптоо коркунучу жоюлуп, 385 калктуу конушта кооптуулук азайтылды. Бүгүнкү күндө сел коркунучу бар 285 аймакта дараметтүү кооптуулук сакталып турат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков