Жетинчи оюнда Ян Непомнящий ак таштар менен ойносо, кытайлык Дин Лижэнь кара фигуралар менен ойноду. Беттеш 37-жүрүш менен орусиялык шахматчынын пайдасына аяктады. Эми эки гроссмейстердин эсеби 4:3. Кийинки кездешүү чын куран айынын 20на белгиленген. Эске салсак, эки атаандаштын ортосунда жалпысынан 14 оюн белгиленген. 7 упайдан ашык топтогон шахматчы дүйнө чемпиону болот. Казакстандын борборунда чын куран айынын 7де башталган шахмат боюнча дүйнө чемпионаты бугу айынын 1не чейин уланат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков