Астанада ДССУ Европалык аймактык комитетинин 73-сессиясы өтөт

Астанада ДССУ Европалык аймактык комитетинин 73-сессиясы өтөт

Бул тууралуу өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Ажар Гиният билдирди. Сессия эң беделдүү делген эл аралык уюмдун 75 жылдыгын, ошондой эле Алматы декларациясынын кабыл алынгандыгынын 45 жылдыгын жана Биринчи жардам көрсөтүү боюнча Астана декларациясынын 5 жылдыгын майрамдоого арналат. Бул документ БУУнун Башкы Ассамблеясынын деңгээлинде илгерилетүү боюнча Казакстан менен Бүткүл дүйнөлүк уюмдун кызматташтыгынын негизги аспектисине айланат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков