Улуу Талаанын маданиятына болгон кызыгуучулук америкалык
студенттердин тобун көчмөн цивилизациясынын мураскери Казакстанга алып барды.
Мейсон Молтби тарыхый өлкө менен таанышууга дилгир америкалыктардын бири. Анын ынтасын
Улуу Абайдын чыгармачылыгы ойготкон. Ал казак адабиятын түп нускасында окуу үчүн
казак тилин үйрөнүүгө бел байлаган.
Мейсон Молтби, Аризона университетинин студенти/АКШ:
АКШда Казакстан же Борбор Азия тууралуу көп адамдар биле бербейт. Ошондуктан казак тилин тереңдетип үйрөнүүнү чечтим. Мен аймактын бай адабий мурасын түп нускасынан которгон адабий котормочу болгум келет. Менин оюмча, Батыштын элдери Казакстан, Кыргызстан сыяктуу мамлекеттердин адабиятын көбүрөөк окуса, алардын маданиятын көбүрөөк билүүгө кызыкдар болот деп ишенем.
Тилди маданияттын куралы деп билген Хуан Валенсуэлла дагы
казакча сүйлөөгө ниеттенүүдө. Алгачкы сабактан эле анын чет тилин мыкты
өздөштүрүүгө болгон ынтызарлыгы байкалат.
Хуан Валенсуэлла, Аризона университетинин студенти/АКШ
Мен казакча абдан жай сүйлөйм. Мен АКШнын Аризона штатындагы Тусон шаарында жашайм. Мен Хуанмын, студентмин. Аризона университетинин студенттерине арналган окуу программасын Евразия Улуттук окутуучулары тарабынан иштелип чыкты. Чет элдик такшалмачылардын каалоосу боюнча окуунун мазмуну өлкө таануу багытында түзүлгөн. Курстун окутуучусу – Айжан Майбалаева 11 студенттин аракетин жогору баалайт. Жада калса алар кошумча сабактарды да сурашат.
Айжан Майбалаева, Л.Н. Гумилев атындагы ЕУУ доценти:
Биздин программа Казакстандын турмушун таанытууга
багытталган. Сабактарда Казакстан жөнүндө тексттик маалыматтар менен иштейбиз.
Казак акын-жазуучуларынын чыгармаларынан үзүндүлөрдү талдайбыз. Менин группам
Абайдын «кара сөзү» менен таанышып жатат.
Мазмундук окутуу методикасы окуу жүктөмүн гана эмес, улуттук маданиятты үйрөнүү боюнча класстан тышкаркы иштерди да камтыйт. Борбор калаага, өлкөнүн кооз жерлерине билим берүү сапарлары уюштурулат. Аризона штатынын студенттери Улуттук музейге барышып, Казакстандын бай тарыхын ачып берген баалуу экспонаттар менен таанышып, улуттук тамактардан даам татышты.
Брайн Белаковский, Аризона университетинин студенти/АКШ:
Астанада көптөгөн кызыктуу окуяларга күбө болдум. Бул жер Американын маданиятынан абдан айырмаланып турганын байкадым. Ар бир элдин маданияты өзүнүн өзгөчө баалуулуктары менен өзүнө тартып турат. Мисалы, бул жерде улуттук ашкана Американын тамактарына караганда ден соолукка пайдалуу. Казактын салттуу эт тамагынан даам татып көрдүм. Мага абдан жакты. Мурдагы советтик тарых менен Азия менен Түркиянын маданияты окшош. Ушундай терең гармониянын натыйжасында калыптанган маданият мага абдан жакты.
АКШнын студенттери 6 жумалык окуу программасы баалуу өлкөнүн
бай тарыхы менен маданиятын жана анын бүгүнкү жашоосун толук изилдөө үчүн өтө
кыска экенин түшүнүшөт. Ошондуктан алдыдагы убакытта Казакстанга келүүгө
мүмкүнчүлүк болсо, аны колдон чыгарбайбыз дешет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков