Белгилүү немис виртуоз пианисттеринин шоусу Астанадагы Alem Saz эл аралык музыкалык фестивалынын жабылышында борбор калаанын көрүүчүлөрүн суктандырды. «Казакстан» Борбордук концерт залынын сахнасындагы өзгөчөлүк Штефан Ве жана Марсель Дорндун «Pianotainment» пианино дуэтинин аткаруусу болду. Чет элдик коноктор көрүүчүлөргө мыкты шоу-программасын тартуулашты. Анда музыканттардын түрдүү стилдерди жана тенденцияларды чебердик менен айкалыштырган чыгармалары камтылды. Айта кетсек, өнөрпоздордун эмгектери чейрек кылымдан ашык убакыттан бери дүйнө жүзү боюнча көрүүчүлөрдүн жүрөгүн багындырып келет. Дуэт 100дөн ашык өлкөдө концерт беришкен. Музыканттар мындай ийгиликке жетүү жолу тууралуу Silk Way телеканалына берген эксклюзивдүү маегинде айтып беришти.
Штефан Ве, пианиночу, Германия:
-Экөөбүз тең
бала кезибизден 4-5 жаштан баштап
аспапта ойнойбуз. Дуэт түзүү идеясы аскерде кызмат өтөп жүргөндө эле пайда болгон, ал
кезде 18-19 жашта болчубуз. Аскердик
кызматта жүргөндө экөөбүздү музыка искусствосуна катуу берилгендик жана деги
эле пианинодо ойноого болгон жалпы сүйүү бириктиргендигин түшүндүк. Анда самба
жана босса нова стили сыяктуу такыр башка музыкалык ыкмаларды айкалыштыра
аласың. Ошол мезгилден баштап биз бардык жерде чогуу концерт коюп келебиз. Дуэтибизди
Pianotainment деп атадык, анткени биздин оюн пианинодо ойноо менен көңүл
ачуунун айкалышы болуп саналат.
Бул музыканттар борбордун сахнасында биринчи жолу эмес. Артисттердин Астанадагы дебюттук көрүнүшү 2019-жылы «Немецтердин маданий күзү» фестивалынын алкагында болгон. Пианисттердин айтымында, быйыл мындай масштабдагы фестивалды өз өнөрлөрү менен жабуу алар үчүн чоң сыймык. Кошумчалай кетсек, тогуздун айынын 3чү Германияда биримдик күнүнө дал келип жатканы бекеринен эмес. Музыканттардын айтымында, мындай көңүл буруунун белгиси Казакстан менен Германиянын ортосунда маданий байланыштар жакшы жолго коюлганынын далили болуп саналат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков