Астанада таланттуу балдарга арналган майрамдык бал өттү

Астанада таланттуу балдарга арналган майрамдык бал өттү

Казакстанда Эгемендүүлүк күнүн даңазалоо боюнча иш-чаралар дагы эле уланууда. Алардын бири борбордогу майрамдык бал. Белгилей кетсек, таланттуу балдарга арналган обондуу кече быйыл биринчи жолу уюштурулуп жатат. Өлкөнүн ар кайсы аймактарынан чогулган ар биринин аң сезиминде тунуп турган талант. Кээ бири окууда, кээ бири спортто, кээ бири искусстводо мыкты. Жаш таланттардын ар бири өзгөчө урматтоого татыктуу. Ханзаада менен ханбийкенин образына кирип, жомоктор дүйнөсүнө кадам таштаган жигердүү муун улуттук гвардиянын оркестринин коштоосунда миң бурула бийлешти.

Асел Шыңгыс кызы, окуучу:

- Бул жыл мага чоң киреше алып келди. Мен жетиген улуттук аспабыбызды дүйнөгө таанытып, Улуу Британияда жана Түркияда Казакстан менен болгон сынакта биринчи орунга ээ болдум, ошондой эле быйыл Казакстандын таланттуу баласы экенимдин белгисин алдым. Ошондуктан мен бул балга катышканыма абдан кубанычтамын.

Асел Кантанова, окуучу:

- Мен 10 жаштамын. 5-класста окуйм. Казакстандын таланты аталдым. Балетке катышып, ар кандай ийгиликтерге жетишип, бир катар сертификаттарга жана дипломдорго ээ болдум. Ошондой эле, каратэ менен машыгам. Сахнага чыкканды жакшы көрөм. Бүгүнкү балдан абдан жакшы таасир калтырдым.  Баары жомоктогудай болду. Өзүмдү ханышадай сездим.

Которгон: Илгиз Жамалбеков