Астананын коомдук
транспортторунда Абайдын ырлары жаңырды. «Апалар үйү» ансамбли казактын улуу
акыны, ойчул-философунун 180 жылдык мааракесине карата өзгөчө челлендж
уюштурду. Ансамблдин солисттеринин сахнасы №10 коомдук транспорту болду.
Акцияга катышуучулар Республика көчөсү менен аэропортту көздөй жүрүп, Абайдын
ырларын жана обондорун аткарып, жүргүнчүлөрдү кубандырды.
Күлаш Косбармакова, «Апалар үйү» ансамблинин жетекчиси:
- Улуу Абайдын чыгармачылыгын, анын
мурасын даңазалоо келечек муун үчүн зарыл. Бул бала бакчадан баштап, мектептен,
жогорку окуу жайынан, мекемелерде иштеген жаштарга чейин Абайдын ырларын билип,
угуп, жаттап алып муундан муунга таратуусу тийиш.
Коомдук транспорттун жүргүнчүлөрү
- Астананын тургундары жана коноктору - челленджди татыктуу баалашты.
- Жакшы, көңүлдүү, жагып жатат. Абайдын чыгармаларын колдоп жатканы жакшы.
- Өлкөбүздө ушундай улуу инсандар
болгону үчүн жана анын мурасын даңазалаган муунду көргөндө көкүрөгүмдү
сыймыктануу болот.
- Кандай эмоция тартуулайт. Негизи
биздин үрп-адаттарыбызды, каада-салттарыбызды жаштарга даңазалап, ушундай ырга
кумарлантып, бул деген керемет бир дүйнө.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

