Франция кинофестивалында Борбордук Азия киносунун ретроспективасы сунушталды

Франция кинофестивалында Борбордук Азия киносунун ретроспективасы сунушталды

Казакстандын заманбап тасмалары Европадагы эң ири Борбор Азия кинофестивалында көрсөтүлдү. Франциянын Везуль шаарында республиканын атынан биринчи жолу «Оскар» сыйлыгына көрсөтүлгөн «Монгол» тарыхый блокбастери, режиссёр Амир Байгазиндин «Жараланган периште», Дарежан Өмүрбаевдин «Студент» тасмалары жана Жапония менен биргеликте тартылган «Каракчылар» тасмалары көрсөтүлдү.

Андрэ Иванов, Франциядагы Казакстан кино бирикмесинин президенти:

- Көрсөтүлгөн фильмдер өлкөбүздөгү көрүүчүлөрдүн кызыгуусун арттырды. Улуу Талаа менен тоолорду көрүү үчүн пандемиядан кийин Кзакстанга кантип барса болорун ар дайым сурайт. Элиңиз кандай сонун дейт. Башкача айтканда, кинематографиянын аркасында Казакстанга баруу кыялын ойготтук.

Везуль кинофестивалында Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнүн да эмгектери сунушталды.

Жан-Марк Теруанн, Везулдагы Азия киносу фестивалынын уюштуруучусу:

- 28 жылдан бери Борбор Азиянын киносун коомчулукка таанытып келе жатабыз. Бул өтө сейрек тасмалар болгондуктан, көрүүчүлөргө мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбоого кеңеш берем. Фестивалдын коноктору өзгөчө ретроспективаны уюштуруу боюнча биздин ишибизди жогору баалашты.

Уюштуруучулардын айтымында, Борбор Азия киносунун ретроспективалык көрсөтүүлөрү пандемияга чейин тартылган мыкты тасмаларды көрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков