Камералык залдын сахнасында «Сулуу жаз» аттуу концерти өтөт. Ага операнын солисттери, хор артисттери жана улуттук аспап өнөрлөрү катышмакчы. Күнүмдүк 5-6 сааттык даярдык иштери учурунда - артисттер өздөрүнүн музыкалык белегин тырышчаактык менен даярдашты.
Даулет Шакиров, Казакстандын эмгек сиңирген артисти, Астана опера театрынын виолончельдер тобунун концертмейстери:
- Концертте түрдүү композициялар камтылган, анткени концерт тематикалык мааниде аялдарга арналды, биз аларды өздөрүн аялдай сезип, эң бактылуу экендигин сезиш үчүн кече даярдадык. Бардыгы музыка, сүйүү жана аялдар жөнүндө болмокчу.
Майрам күндөрү театрдын афишасы да балет спектаклдери менен кооздолот. Алар чоң залдын сахнасында өтөт. Жалган куран айынын 8-9 күндөрү «Астана Опера» театрынын коноктору Нотр-Дам соборунун легендарлуу бир актылуу спектаклине күбө болушат. Анда театрдын эки солисти – Бахтияр Адамжан менен Серик Накыспеков – Квазимоданын башкы ролдорунун бирин аткарышкан. Акыркысы бул ролду 3-сезондо ойноп жатканын, аны кайрадан майрамга карата сахна төрүндө тартуулаганына кубанычта экендигин кошумчалады.
Серик Накыспеков, Астана Опера балет театрынын солисти:
- Окуянын өзүндө сүйүү, жек көрүү, эки жүздүүлүк темалары көп камтылган. Спектаклде өзгөчө мен Квазимодо ролун аткарам. Чыгарма абдан кызыктуу, абдан кооз, Артист үчүн балет кадимкидей күн сыяктуу, бирок биз бул эл аралык майрам экенин жакшы түшүнөбүз жана биздин назик жандарыбыз бактылуу болушу үчүн кубанычты, эмоцияларды берүүгө ар дайым даярбыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков