Сенатта депутаттар, Конституциялык соттун жана
парламентаризм институтунун өкүлдөрү, ошондой эле окумуштуулар менен серепчилер
Республика күнүнүн тарыхый-укуктук маанисин талкуулашты. Тегерек столго
катышуучулар 1990-жылы тогуздун айынын 25де мамлекеттик эгемендүүлүк тууралуу
декларациянын кабыл алынышы өлкөнүн көз карандысыздыгынын жана укуктук
системасынын калыптанышына башталыш болгонун белгилешти. Документте Казакстан
биринчи жолу өзүнүн Конституциясы менен төл мыйзамдарынын үстөмдүгү тууралуу
расмий түрдө билдирди. талдоочулардын айтымында, Республика күнү көз
карандысыздыктын баалуулугун, өлкөнүн келечеги үчүн жоопкерчиликти эске салат. Мындай
жолугушуулар муундардын байланышын сактап, пикир алмашууга мүмкүнчүлүк берет.
Нурлан Бекназаров, Парламент сенатынын депутаты:
- Анын мааниси көз карандысыздыкка, өлкөбүздүн
туруктуулугуна, өз элибиздин биримдигине, биз эми бир гана казак эли эмес,
башка этностор да бар, муну бирге ынтымакта жашоонун негизги башаты деп кабыл
алуу керек.
Кайрат
Тастекеев, Парламент сенатынын депутаты:
- Бул күн Казакстан үчүн, казакстандыктар үчүн абдан
маанилүү майрам. Азыркы учурда биздин жаштарыбыз билимдүү, билгич деп айтууга
болот. Муну жакшы сезе билет, түшүнө билет. Айрыкча, азыркы учурда ушул
тууралуу бардык башталгыч мектептерде өзүнүн эне тилинде, адабияттарында
жазылган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

