Казакстандыктар Нооруз майрамын жыл сайын он күн бою – жалган куран айынын 14нөн 23нө чейин майрамдай алышат. Он күндүк «Ноорузнама» деп аталды. Өлкөнүн Маданият жана маалымат министрлигинен билдиришкендей, жалган куран айынын 14ү «Көрүшүү күнү», 15 «Кайрымдуулук күнү» деп бекитилди. Ал боорукердикке жана жакшы коңшулукка арналат. 16да казакстандыктар «Маданият жана улуттук каада-салт күнүн» белгилейт. Бул күнү казак элинин маданияты, өнөрү менен улуттук баалуулуктары даңазаланат. Ал эми 17си «Шаңырак күнү» деп белгиленди. Бул күнү үй-бүлөлүк баалуулуктарды даңазалап, адептүү муунду тарбиялаган үлгүлүү үй-бүлөлөр үчүн маданий иш-чаралар өткөрүлөт. 18и улуттук кийимдерге арналат. Өлкөнүн бардык аймактарында улуттук кийимдерди даңазалоого багытталган түрдүү иш-чаралар өткөрүлөт. Жалган куран айынын 19 – «Жаңылануу күнүндө» адатта жазгы бак отургузуу салты уланат. 20сы Улуттук спорт күнүндө бир катар мелдештер уюштурулат. 21и «Ынтымак күнү» деп жарыяланды. 22си - Жыл башы. Бул күнү өлкөнүн бардык аймактарында жалпы улуттук маданий-спорттук иш-чаралар өткөрүлүп, стилдүү этно айылдар менен түрдүү жарманкелер уюштурулат. Ал эми акыркы күнү – 23дө жалпы мамлекеттик экологиялык акция өткөрүлөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков