Казакстанда атамекендик товар
өндүрүүчүлөрдүн бирдиктүү реестри түзүлөт. Ал учурда иштеп жаткан CT-KZ, экспорттук
жана индустриалдык сертификаттарды алмаштармакчы. Бул биринчи кезекте
жергиликтүү ишкерлер өндүргөн өнүмдү идентификациялоого мүмкүндүк берет,
ошондой эле бизнести мамлекеттик колдоо механизмдеринин натыйжалуулугун
жогорулатат. Ошентип, ата мекендик товар өндүрүүчүлөр жөнүндө актуалдуу
маалыматка жетүүнүн уникалдуу негизин түзөт. Өнүмдөрдү чыгарылган өлкөнү аныктоо маселеси боюнча
мыйзам долбоорун Мажилис биринчи окууда жактырды. Депутаттардын айтымында,
ишкерлер реестрге кирүү үчүн жеке кабинети аркылуу арыз бере алышат. Ал эми
көчмө комиссия алардын өндүрүшүн санариптик түрдө текшерип, баалайт. Бул топко
өнөр жай министрлигинин, тармактык мамлекеттик органдардын жана
ассоциациялардын өкүлдөрү кирет. Жалпысынан бул бирдиктүү реестр өлкөдөгү
өндүрүштүн өсүшүн шыктандырууга багытталган.
Мукаш Ескендиров, Парламент Мажилисинин депутаты:
- Казакстан
Президентинин тапшырмасы боюнча мамлекеттик каржыны колдоо чараларын натыйжалуу
пайдаланууну керек. Ошондуктан бул максатта атамекендик товар өндүрүүчүлөрдүн
бирдиктүү реестри түзүлөт. Анын иши атайын мыйзам менен жөнгө салынат.
Документте жооптуу ыйгарым укуктуу орган, арыз берүү эрежелери сыяктуу бардык
зарыл пункттар толугу менен камтылган. Жалпысынан өлкөдө 57 миңге жакын товар
өндүрүүчүлөр катталган.
Которгон:
Илгиз Жамалбеков

