Костанай облусунун ишкерлери Орусияга азык-түлүк экспортун арттырууда

Костанай облусунун ишкерлери Орусияга азык-түлүк экспортун арттырууда

Бүгүнкү күндө ишкерлер өндүргөн өнүмдөрүнүн 30%ын Орусиянын чек ара шаарларына жөнөтүшөт. Суроо-талаптын өсүшүнө байланыштуу колдонуудагы өндүрүш жана товарлардын түрлөрү кеңейтилди. Алсак, ата мекендик тамак-аш комбинаты тоңдурулган жарым фабрикаттардын 35 түрүн жана 25 эт деликатестерин чыгарат. Сапаты да жогору.

Геннадий Кригер, ишкер:

- Биз ички рынокко да жигердүү түрдө чыктык. Костанайга, Рудныйга, Тобылга, Лисаковскиге, Федоровскийге суткасына бир тоннага жакын өнүм жиберебиз. Ошондой эле Астана, Петропавл, Көкшетау базарларына чыгуу да мерчемделген.

Дмитрий Шрейдер, комбинаттын аткаруучу мүдүрү:

- Орустар биринчи кезекте табигый сапаттагы өнүмгө көңүл бурушат. Алар казакстандык өнүмдүн даамын жакшы билишет. Айрыкча жылкынын этин. Алар тынымсыз ири өлчөмдөгү буйрутмаларды берип турушат.

Ишкердикти өнүктүрүү боюнча улуттук долбоор Костанай облусунун ишкерлери арасында суроо-талапка ээ. Программанын алкагында өткөн жылы бул жерде 4 миллиард теңгеге 62 долбоор ишке ашырылды. Алардын айрымдары экспортко багытталган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков