2024-жылдын башынан бери айыл чарбасынын дүң өнүмүнүн көлөмү 1 триллион 600 миллиард теңгеге жетти. Биринчи жарым жылдыкта бул көрсөткүч 3,4% га өстү. Ал мал чарбачылыгынын өсүшү менен да, өсүмдүк өстүрүүчүлүктүн көлөмүнүн өсүшү менен да байланыштуу. Бүгүнкү күндө өлкөнүн айыл чарба министрлиги агросектордогу өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана бизнес үчүн шарттарды жакшыртуу боюнча бир катар чараларды көрүп жатат.
Олжас Тилебалдин, Казакстандын Айыл чарба министрлигинин расмий өкүлү:
– Жазгы-талаа жана түшүм жыйноо жумуштарына насыя берүүнүн көлөмү 580 миллиард теңгеге жеткирилди. Өкмөт жыл башындагы жеңилдетилген каржыландыруунун 180 миллиард теңгесине кошумча дыйкандарга жылдык таза 5 пайыз менен насыя берүү үчүн дагы кошумча 400 млрд теңге жеңилдетилген каржылоону тартууну толук камсыздады. Жеңилдетилген карыз каражаттардын жетиштүү көлөмүнүн болушу фермерлерге жогорку түшүм алуу үчүн технологияларды сактап калууга мүмкүндүк берет. Үчүнчүдөн, карыз алууну жеңилдетүү үчүн дагы бир каржылоо каналы – региондордун социалдык-ишкердик корпорациялары тартылган.
Белгилей кетсек, айыл чарбасынын өсүшү өзгөчө Жамбыл, Түркестан, Алматы, Костанай, Кызылорда, Павлодар жана Атырау облустарында байкалууда. Мындан тышкары, Өкмөт тарабынан 2028-жылга чейин кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүнүн комплекстүү планы иштелип чыкты. Бул ошол эле мезгилде кайра иштетилген өнүмдүн көлөмүн 70%га чейин көбөйтүүгө жардам берет. Аны ишке ашырууга 372 миллиард теңге бөлүү каралууда. Алардын ичинен 150 млрд. долбоорлорду инвестициялоого жумшалмакчы.
Которгон: Илгиз Жамалбеков