Казакстандык окуучулар эл аралык олимпиадада 7 медаль жеңип алды

Казакстандык окуучулар эл аралык олимпиадада 7 медаль жеңип алды

Республикалык физика-математика мектебинин окуучулары AI технологияларынын негизинде уникалдуу долбоорлорду иштеп чыгууда. Алардын алдыңкы моделдери Бээжинде өткөн жасалма интеллект боюнча эл аралык олимпиадада жогору бааланды. Эске салсак, баш оона айында казакстандык студенттер Кытай Эл Республикасында 7 медаль утуп алышкан. Эң ийгиликке жетишкен командалар Алматыдагы республикалык физика-математикалык окуу жайынын окуучулары болду. Маселен, абройлуу билим сынагына Тимур Шакуров медицина тармагында жасалма интеллект аркылуу уникалдуу долбоорду иштеп чыкса, Абу Канатбек спорттук багытты жакшыртуу боюнча жаңы демилгени сунуштады.

Тимур Шакуров, Республикалык физика-математика мектебинин 11-классынын окуучусу:

- Бул долбоор дарыгерлердин убактысын үнөмдөп гана тим болбостон, диагноз коюуда бардык мүмкүн болгон факторлорду эске алууга жардам берет. Адам миңдеген ооруларды эстей албайт, бирок жасалма интеллект алардын баарын анализдеп, пайыздык көрсөткүч менен болжолдуу диагнозду бере алат.

Абу Канатбек, Республикалык физика-математика мектебинин 10-классынын окуучусу:

- Биз Казакстанда стартаптарды жана ушундай олимпиадаларды өнүктүрүүбүз керек. Анткени олимпиадалар аркылуу жаш таланттарды таба алабыз. Стартаптарды өнүктүрөбүз жана дүйнөлүк аренага чыгабыз.

Физика-математика мектебинин студенттери жакында Кембридж университетинде өткөн Жасалма интеллект конференциясында өз долбоорлорун көрсөтүштү. Кийинки эл аралык олимпиада келерки жылы Абу-Дабиде өтөт. Окуучулар ошондой эле өлкөнүн ичиндеги өнүгүүлөрүн сынай алышат. Быйыл Казакстанда жасалма интеллект боюнча республикалык олимпиада өтөт. Өлкө окуучулары AI сынагында өздөрүнүн мыкты долбоорлорун тааныштырат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков