Exit pollдун жыйынтыгы боюнча, референдумда добуш берген казакстандыктардын 72 пайызга жакыны АЭСтин курулушун колдошкон. Ал эми 28 пайыздан ашыгы «жок, макул эмесмин» деген жоопту тандашкан. Евразиялык интеграция институту Казакстандын 17 облусунда жана Астана, Алматы, Шымкент шаарларында добуш берүү участкаларынан чыккан жарандардын пикирин билишкен. Белгилей кетсек, референдум күнү дагы 5 уюм коомдук пикирге талдоо жүргүзүшкөн.
Которгон: Илгиз Жамалбеков