Казакстан
Италияга жалпы наркы 1
миллиард долларга жакын
товарлардын 100дөн ашык түрү боюнча экспорттун көлөмүн
көбөйтүүгө даяр. Алардын катарына металлургия, унаа жасоо, мунай-химия өнөр жайы жана башка
өнүмдөр кирет. Бул тууралуу
Касым-Жомарт Токаев биринчи «Борбор Азия – Италия» саммитинде билдирди. Ал, регионалдык кооперация күчөйтүлүп келе
жатканын белгиледи. Ошондой эле Борбордук
Азия эл аралык мамилелердин таасирдүү субъектиси катары өз позициясын
бекемдөөдө. Президент «Борбордук
Азия+»
форматында
Италия менен региондогу өлкөлөрдүн өз ара пайдалуу кызматташтыгын кеңейтүүгө
өбөлгө түзөрүн белгиледи. Андан соң Касым-Жомарт Токаев Италия менен өз ара
аракеттенүүнүн келечектүү багыттары менен бөлүштү.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын
президенти:
- Соода-экономикалык байланыштарды тереңдетүү-эң башкысы. Дүйнөнүн негизги экономикалык уюлдарынын ортосундагы тарифтик чыр-чатактын кесепеттери бүтүндөй өлкө үчүн олуттуу болушу мүмкүн. Мындай кырдаалда аны бекемдөө, ошондой эле мурда коюлган Соода-экономикалык байланыштарды сактоо боюнча күч-аракеттерди жумшоо абдан маанилүү. Биздин оюбузча, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө кошумча наркы жогору өнүмдөрдү чыгаруу менен товарлардын түрлөрүн көбөйтүүгө басым жасоого болот.
Борбор
Азия өлкөлөрүнүн Европага айыл чарба өнүмдөрүн жеткирүүнүн
көлөмүн көбөйтүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Мындан тышкары, соода үйлөрүнүн
жана логистикалык борборлордун ачылышы өлкөлөр ортосундагы сооданын кеңейишине
олуттуу түрткү бериши мүмкүн. Атап айтканда, Касым-Жомарт Токаев Алматыда Италиялык
соода үйүн түзүүнү сунуштады. Өнөктөштүктүн дагы бир маанилүү багыты –
энергетика.
Касым-Жомарт
Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:
- Биздин өлкө Европа Биримдигине мунай
экспорттоочу үч ири өлкөнүн бири. Былтыр италиялык рынокко казак мунайынын жеткирилиши 30 миллион тоннадан ашкан. Бул өткөн
жылга салыштырмалуу 27%га көп. Керек болсо азыркы көлөмдөрдү көбөйтүүгө
даярбыз. Ошол эле учурда
келечек альтернативдик энергетикага таандык экени бүгүнкү күндө эле көрүнүп
турат. Аз көмүртектүү экономикага системалуу өтүү Казакстандын артыкчылыктуу
багыттарынын бири болуп саналат. Биз өлкөнүн бир катар аймактарында шамал жана
күн электр станцияларын куруу боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырып
жаткандыгы үчүн италиялык өнөктөштөрүбүзгө ыраазычылык билдиребиз.
Саммитте
Казакстан Аймактык изилдөө борборун түзүү демилгесин көтөрдү. Анда Борбор Азиядагы сейрек кездешүүчү металлдардын
кендери боюнча маалыматтар топтолот. Технологияларды трансферт жана италиялык
өндүрүштү аймакка локализациялоо да маанилүү, деп белгиледи Касым-Жомарт
Токаев. Президент дагы бир актуалдуу милдетти
Транскаспий эл аралык транспорт багыты аркылуу трансконтиненталдык байланышты
чыңдоо деп атады. Мамлекет башчысы билим берүү жана маданият тармагында да
кызматташууну арттырууну ошондой эле, 2026-жылы Борбордук Азия менен Италиянын
маданий жакындашуу жылынын колдоосу астында бир катар иш-чараларды өткөрүү
сунуштады.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

