Мухтар Ауэзовдун юбилейи Нидерландияда белгиленди

Мухтар Ауэзовдун юбилейи Нидерландияда белгиленди

Мухтар Ауэзовдун 125 жылдык мааракеси Нидерландияда белгиленди. Голландиянын Лейден шаарында илимий конференция болуп өттү. Шаар кокустан тандалган эмес. Жазуучунун «Абай жолу» роман-эпопеясында бул шаар жөнүндө эскерилет.

Казак жана Голландия адабият таануучулары жана изилдөөчүлөрү казак адабиятынын калыптанышындагы жана өнүгүшүндөгү көрүнүктүү жазуучунун ролун, анын чыгармачылык бай мурасын баалабай коюга болбойт деп бир ооздон айтышат. Серепчилер Мухтар Ауэзов эч качан жетишкендиктери менен тыным таппаганын – Ташкент менен Санкт-Петербургдан билим алып, илим, ынтызарлык менен алектенгенин баса белгилешет. Батыш маданиятын улуу Абайдын чыгармачылыгы аркылуу үйрөнүшкөн.

Диар Кунаев, Мухтар Ауэзов атындагы үй-музейинин мүдүрү:

Анын Ауэзовдук тили өтө бай, ширелүү. Ал эми бул эпикалык кенепти жаратуу үчүн өтө күчтүү экспрессивдүү каражаттар талап кылынган жана ал жөн гана тилибиздин бардык бай мүмкүнчүлүктөрүн көрсөткөн. Айтматов адабиятка Ауэзовдун колдоосу менен жол ачкан. Анын таасирин көптөгөн жазуучулар тааныган, анын ичинде Айтматов, Расул Гамзатов, Мустай Карим бул тууралуу көп айтышкан.

Изилдөөчүлөр жазуучунун чыгармаларын заманбап окуу анын чыгармачылыгынын жаңы кырларын ачарын белгилешет. Ал эми мезгил жана доор аркылуу Ауэзов стили казак адабий тилинин шилтеме сапаттарын сактап келет.

Айсулу Касымбек, «Айтыс» казак мектебинин жетекчиси:

Мухтар Ауэзов казактын жазма да, оозеки чыгармачылыгынын теңдешсиз сөз чебери, изилдөөчүсү жана виртуозу экени талашсыз. Ал эми айтыс казак фольклорунун туу чокусу катары Абай жолунда бар. Ошондуктан мени бул жерде сүйлөшүүгө чакырганы абдан сонун! Ал эми айтышты казак элинин улуттук коду катары айттым.

Белгилей кетсек, Мухтар Ауэзовдун туулган күнүнө карата мындай илимий конференцияны Голландия жеринде өткөрүү эми жыл сайын салтка айланат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков