Казакстан менен адабият аркылуу таанышуу

Казакстан менен адабият аркылуу таанышуу

Улуу Абайдын чыгармалары, Аль-Фарабинин философиялык эмгектери жана казак балдар жазуучуларынын чыгармалары. Тандалган ата мекендик адабияттар жыл сайын өтүүчү «Book Fair 2023» эл аралык китеп жарманкесинде сунушталды. Салттуу көргөзмө Кытайдын Гонконг жана Макао атайын административдик аймактарында өттү. Кошумчалай кетсек, иш-чаранын алкагында Кытай Эл Республикасында атайын уюштурулган дүйнөлүк искусство жана маданият аянтчасында «чүкө» ойноп, казакстандык студенттердин аткаруусунда казак күүлөрү чертилди. Ошентип, көргөзмөнүн коноктору казак элинин терең тарыхы, каада-салты жана маданияты менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков