Бул спектаклде өгөй апасынын кысымына кабылган башкы каарман модельер, ханзаада ди-джей болгон. Бүгүнкү технология Рококо дооруна бир этапта жолугат. Ошондой эле, балет поп-данс жана брейк-данс элементтери менен неоклассикалык стилде иштелип чыккан. Башкача айтканда, заманбап жана классикалык обондор шайкеш келет. Чоң масштабдагы жасалгасы, таасирдүү хореографиясы жана сахна ачылыштарынын чебер оюну айкалышып, көрүүчүлөргө кылымдардын тереңине саякат жасагандай таасир калтырат. Салттуу спектаклдин сценалары жаңы реңк алганы менен, маңызы бир аз ошол бойдон калган. Спектаклдин балетмейстери германиялык Раймондо Ребек оригиналдуу мазмунду жоготпоого аракет кылган.
Гаухар Усина, Казакстандын эмгек сицирген ишмери, «Астана Опера» театрынын жетекчи солисти:
- Эски жомоктун негизги идеясы жаңы мүнөзгө ээ болду. Андыктан, аны сезүү үчүн өз көзүңүз менен кайра көрүп, окуяны биз менен бирге баштан өткөрүшүңүз керек. Бул спектакль менен сиздерге өзгөчө таасир калтырабыз. Ал эч кимди кайдыгер калтырбай тургандыгы анык. Ар бир адам өзүнө керектүү нерсени алат деп ишенем. Биздин театрда ушундай уникалдуу заманбап балет спектаклинин пайда болгонуна абдан кубанычтамын.
Которгон: Илгиз Жамалбеков