Европанын борборунда улуу талаанын музыкасы жаңырды

Европанын борборунда улуу талаанын музыкасы жаңырды

Брюсселдин борбордук аянтында Улуу Талаанын музыкасы жаңырды. Казак улутунун «ХасСак» тобунун чеберлери аткарган көчмөндөрдүн обондору бельгиялыктарды жана борбор калаанын меймандарын таң калтырды. Шаар тургундары жана көптөгөн туристтер артисттерге кол чаап, баатырларыбыз менен сүрөткө түшүштү.

Марк Ларджет, Брюсселдин тургуну:

Мен Улуу Талаа жөнүндө абдан аз билем, окуганым боюнча эле көчмөндөрдүн музыкасын тарыхын билем. Алардын көмөкөй менен ырдагандарын да уккам. Менин оюмча, абдан таасирдүү жана өзгөчө! Көптөгөн түрдүү элдик аспаптары, музыкасы сыйкырдуу, укмуштуу, абдан күчтүү жана чындап эле кооз!

Гульмира Муздыбаева-Балси, Брюсселдин тургуну:

Биздин баатыр жигиттерибиз Европанын борбору Брюсселде ушундай күтүүсүз концерт бергенине абдан таң калдым. Бул жерде биздин музыканы укканыма абдан кубанычтамын, баары суктанып, бул музыка кайсы өлкөнүкү экенин сурашты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков