Акмола облусунда
табышмактуу экспонат табылды. Таш бетине адамдын бетин оюп
түшүргөн бул адаттан тыш айкелдин фрагментин облустун Өзгөчө кырдаалдар
башкармалыгынын кызматкерлери табышкан. Куткаруучулар дароо окуя болгон жерге
археологдорду чакырышкан. Адистердин айтымында, бул буюм кайсы доорго таандык
экенин дароо аныктоо оңой эмес. Кээ бирлери таш коло доорунда чегилген дешсе,
башкалары андан бир топ кийинки Түрк каганатынын дооруна, мезгилдерге таандык
деп ишенишет. Бул суроого жооп табуу үчүн терең изилдөө керек. Учурда эң баалуу
экспонат коргоого алынган.
Асет Жангожин, Акмола облусунун Сандыктау
районунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы:
-Биз дароо Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын жетекчилигине кабарладык. Азыр археологдор келип, алдын ала иштерди жүргүзүп жатышат. Бирок, менимче, биз абдан баалуу тарыхый эстеликти тапканыбыздын өзү эле жетишкендик деп ойлойм. Негизги ишибизди аткарып жатып, элибиздин тарыхын изилдөөгө салым кошо турган ушундай эстеликти тапканыбызга абдан кубанычтабыз.
Сергей Ярыгин, PHD дарыгер, А. Маргулан
атындагы институттун алдыңкы илимий кызматкери:
-Ушундай эле сүрөттөр Борбордук Азияда жана
Чыгыш Европада коло доорунда кездешет. Ошондой эле, мындай сүрөттөр эрте темир
доорунда Түштүк Сибирде хун-сармат дооруна чейин кездешет. Албетте, түрк
скульптурасын баарыбыз билебиз, ал орто кылымдарда бүткүл Евразия талааларында
кеңири таралган, бирок азыркы мезгилди да жокко чыгара албайбыз. Бул экинчи
уникалдуу объект деп айта алабыз. Биринчи объект Бурабайдын аймагында
жайгашкан.
Которгон:
Илгиз Жамалбеков