ЮНЕСКОнун
Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине Казакстандын бир катар тарыхый имараттары
жана китептери киргизилиши мүмкүн. Тизмеге киргизүү үчүн Жетысудагы Жаркент
мечити, Алматыдагы Вознесенск ибадатканасы
жана Каратау кырка тоосунун 17 миң петроглифи
сунушталат. Бул археологиялык эстеликтер мындай сыйга татыктуу. Бул тууралуу
Кызылордадагы курултайда Мамлекет
башчы Касым-Жомарт Токаев билдирди. Бул багыттагы иштер күчөтүлөт, деп
белгилешет тиешелүү мекемеден.
Маданият жана маалымат министрлиги ЮНЕСКОнун талаптарына ылайык тиешелүү
документтерди даярдайт – буга 2 жыл убакыт
керектелет. Мындан тышкары, Казакстандын президенти
Кызылордадагы Улуттук курултайда белгилегендей,
ЮНЕСКОнун башка тизмесине – «Дүйнөнүн эс тутуму» даректүү мурастар реестрине
Абайдын «Накыл
сөздөрү» киргизилиши керек. Касым-Жомарт Токаевдин айтымында, улуу акындын ой
жүгүртүүлөрү убакыттын өтүшү менен актуалдуулугун жоготпойт, ал эми азыркы «Адал
азамат» концепциясы Абайдын «Даанышман
инсан» идеясы менен тыгыз байланышта. Учурда
Абайдын эмгегин эл аралык уюмдун реестрине киргизүү боюнча документтер
эксперттик баалоодон өтүүдө.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков

