Казакстандык Лондондогу ардактуу музыканттар бирикмесинин күмүш медалынын ээси аталды

Казакстандык Лондондогу ардактуу музыканттар бирикмесинин күмүш медалынын ээси аталды

Лондон музыканттарынын ардактуу компаниясынын күмүш медалынын ээси композитор Рахат-Би Абдысагин болду. Ал Улуу Британиядагы эң эски жана эң маанилүү сыйлыктардын бирин алган биринчи казакстандык аталды. Сыйлык 19-кылымда түзүлгөн жана жыл сайын эң көрүнүктүү жаш музыканттарга ыйгарылып келет.  Сыйлык тапшыруу аземи Улуу Британиянын борборунда өттү. Белгилей кетсек, казакстандык композитор жана пианист, «Болашак» программасынын стипендиаты 150дөн ашык музыкалык чыгарма жазган. Алар Европанын, Азиянын жана Американын белгилүү концерттик залдарында аткарылат. Быйыл анын Улуу Британиядагы төрт чиркөөсүндө The Bruce операсынын дүйнөлүк бет ачары болду. Муну менен катар, «Кванттык механика жана авангарддык музыка» аттуу китеби Германиянын беделдүү Springer басмасынан жарык көрдү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков