Түркмөнстандын
экономикалык жетишкендиктери Ашхабаддагы көргөзмөдө көрсөтүлдү. Ал өлкөнүн
Эгемендүүлүк күнүнө карата уюштурулган. Келгендерге экономиканын энергетика,
айыл чарба, кайра иштетүү, текстиль, тамак-аш өнөр жайы сыяктуу негизги
тармактарындагы экспонаттар көрсөтүлдү. Мунай-газ секторунун стендине өзгөчө
көңүл бурулуп, анда ресурстарды казып алуу жана кайра иштетүү боюнча өсүү
динамикасы көрсөтүлгөн. Ишкерлер ошондой эле жаңы технологияларды колдонуу
менен түзүлгөн өнүмдөрдү көрсөтүштү.
Алтымурад
Солтанов, ишкер:
- Биз бул
багытта өздөрү сунуштаган европалык өндүрүш технологияларын колдондук,
тажрыйбалуу адистерден үйрөндүк. Жакынкы келечекте экспортту жолго коюуну
пландаштыруудабыз.
Түркмөнстанда
Эгемендүүлүк күнүнө карата майрамдык концерт болуп өттү
Республиканын көз карандысыздык күнүнө карата республиканын эгемендүүлүгүнүн 34 жылдыгына арналган майрамдык концерт да өттү. Сахнада маданият ишмерлери жана искусство чеберлери музыкалык номерлерди, бий номерлерин көрсөтүп, Түркмөнстандын ийгиликтерине арналган чыгармаларды аткарышты. Бул жерде - майрам бул жөн гана өткөнгө көз чаптыруу эмес, өлкөнүн тынчтык жолу менен өнүгүү жана гүлдөп-өсүүсүнө берилгендиктин тастыктоосу белгиленет.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков

