Бул тууралуу Касым-Жомарт Токаев Улуу Британиянын тышкы иштер министри Джеймс Клеверли менен болгон жолугушуусунда талкуулады. Эске сала кетсек, европалык өлкөнүн тышкы саясат башчысы Казакстанга расмий иш сапары менен келген.
Казакстан Улуу Британияга экспортту 750 миллион долларга көбөйтүүгө ниеттенүүдө
Казакстан Улуу Британияга экспорттун көлөмүн 750 миллион долларга көбөйтүүнү пландоодо. Өткөн жылы эки тараптын ортосундагы соода жүгүртүү 2 миллиард АКШ долларына жеткен. Джеймс Клеверлинин иш сапарынын жүрүшүндө тараптар сейрек кездешүүчү табигый металлдарды биргелешип иштетүүнү убадалашты. Мындан тышкары, суутек технологиялары жаатында тажрыйба алмашууга макулдашышты. Ал эми логистика жагынан — Транскаспий эл аралык транспорттук маршрутту мындан ары өнүктүрүү кызыгууну туудурду. Астана менен Лондон стратегиялык өнөктөштүк жана кызматташтык боюнча Казакстан-Британ келишимин кабыл алууга ниеттенүүдө.
Которгон: Илгиз Жамалбеков