ЕБ-Казакстан кызматташтыгы кеңейүүдө

ЕБ-Казакстан кызматташтыгы кеңейүүдө

Казакстандын транспорттук-логистикалык дарамети чоң. Серепчилердин айтымында, бул өлкө Европа менен Азиянын ортосундагы транзиттик коридорлордун кесилишиндеги негизги хаб боло алат. Евробиримдиктин «Global Gateway» стратегиясын Транскаспий эл аралык транспорттук маршруту менен бириктирүү аркылуу жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылууда.

 Петер Стано, Тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Европа комиссиясынын басма сөз катчысы:
- Global Gateway долбоору бардыгы үчүн ачык. Биринчиден, ал өлкөлөрдүн заманбап инфраструктурага болгон суроо-талабын канааттандырып, дүйнөлүк рынокко чыгууга мүмкүндүк берет. Долбоор эки тараптын тең пайдасына багытталган. Ошондуктан Казакстан Global Gatewayге катышууга кызыктар. Казакстан Евробиримдик үчүн маанилүү, анткени ал энергетикалык ресурстардын эң ири жеткирүүчүсү. Ошондой эле энергия булактарын ар тараптандырууга салым кошот. Өзүнүн географиялык абалына байланыштуу Казакстан эбегейсиз дараметке ээ жана биз үчүн маанилүү роль ойнойт.

Казакстан Евробиримдиктин атом өнөр жайындагы эң ири жеткирүүчүсү болуп саналат. Мунай менен урандын экспорту маанилүү роль ойнойт жана континенттин энергетикалык ресурстарын ар тараптандырууга оң таасирин тийгизет, дешет дипломаттар. Муну менен катар, Европа өлкөлөрү менен “жашыл” технологияларды жана альтернативдик энергетиканы өнүктүрүү жаатында кызматташуу кеңейип келүүдө. Биримдик өлкөнүн жашыл экономикага өтүүсүн тездетүү боюнча долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга даяр. Бул жаатта кызматташтык тереңдей турганын Евробиримдиктин Казакстандагы элчиси Кестутис Янкаускас билдирди.

Кестутис Янкаускас, Европа Биримдигинин Казакстандагы элчиси:
- Биринчиден, кайра жанма энергия булактары жөнүндө айткым келет. Аларды активдүү колдонууга Казакстандын мүмкүнчүлүгү бар. Казакстан шамал жана күн энергиясын өндүрүү боюнча лидер боло алат. Мындан бир жыл мурун немис-шведдик «Svevind» компаниясы менен келишим түзгөнбүз. Ал Маңгыстау облусунда ири инвестициялык долбоорду ишке ашырууда. Компания жашыл энергия жана суутек өндүрүүчү дүйнөдөгү эң ири заводдордун бири. Ошондой эле, энергетикалык эффективдүүлүктү жогорулатуу багытында масштабдуу иштерди аткарат. Бүгүнкү күндө бул жаатта бизде бир нече долбоорлор бар.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков