Азербайжанда Казакстандын маданият күндөрү өтүп жатат. Бул иш-чара эки боордош элди жакындаштырып, алакасын бекемдөө максатында өткөрүлүүдө. Бул тууралуу өлкөнүн Маданият жана маалымат министри Аида Балаева Азербайжан президентинин жардамчысы жана администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Хикмет Гаджиев менен болгон жолугушууда билдирди. Тараптар эки боордош мамлекеттин ортосундагы маданий-гуманитардык чөйрөдөгү кызматташтыкты чыңдоонун келечегин жана дараметин талкуулашты.
Аида Балаева, Маданият жана
маалымат министри:
-Биздин элдерди жалпы тарых, жалпы
генетикалык код байланыштырып турганын унутпашыбыз керек. Эки элдин өкүлдөрү
бири-биринин жеңишине чын ыкластан кубанып, кыйын күндөрдө бири-бирине колдоо
көрсөтүп келишкени эчак эле белгилүү. Биздин тилдерибиздин жана маданияттарыбыздын
окшоштугу байланышты жана кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого көптөгөн
мүмкүнчүлүктөрдү берет. Бул боюнча эки мамлекеттин башчылары буга чейин
макулдашкан. Ошонун аркасында Азербайжанда Казакстандын маданият күндөрү өтүп
жатат. Бул боордош өлкөлөрдүн ортосундагы маданий-гуманитардык багыттагы
мамилелердин динамикасын жогорулатууга жардам берет деп ишенем.
Казакстандын маданий күндөрүнүн алкагында азербайжандыктар “Хассак” этно-фольклордук ансамблинин аткаруусунда заманбап мотивдер менен аралашкан казак композиторлорунун чыгармаларын угуп, Казак мамлекеттик балдар жана жаш өспүрүмдөр театры сахналаштырган Мухтар Ауэзовдун “Кара көз” трагедиясын көрө алышты. Мындан тышкары, казакстандык сүрөтчүлөрдүн ар кыл жанрдагы көз жоосун алган эмгектери да коомчулукка тартууланды. Кеңири масштабдуу иш-чаранын жүрүшүндө гала-концерт уюштурулду. Белгилей кетсек, 2024-жылы Казакстанда Азербайжандын маданият күндөрү өтөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков