Өткөн жылдын жыйынтыгында
Казакстандын КЭРсы менен соода-алакасы рекорддук көлөмгө жетип, 24 миллиард
доллардан ашкан. Быйыл дагы 21%га өстү. Мындай динамика жакын арада эки өлкөнүн
лидерлери койгон максатка – өз ара соода жүгүртүүнү америкалык валютада 40
миллиардга жеткирүүгө мүмкүндүк берет. Бул тууралуу өкмөт башчы Алихан Смаилов Шанхайда
Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин премьер-министри менен болгон
жолугушуусунда билдирди.
Алихан Смаилов,
Казакстан премьер-министри:
- Биз Кытай менен
достук, жакшы коңшулук жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди чыңдоого өзгөчө
маани беребиз. Эки өлкөнүн жогорку жетекчилигинин ортосундагы жеке достук
байланыштар биздин өз ара аракетибиздин бардык аспектилерине оң таасирин
тийгизүүдө. Жакында Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кытай Эл
Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен жана Сиз менен болгон сүйлөшүүлөрү
«алтын 30 жылдыктын» кийинки доорунда казак-кытай кызматташтыгын жаңы мазмун
менен толтурууга мүмкүндүк берди.
Акыркы 18 жылда
Кытай Казакстандын экономикасына 24 миллиард доллардан кем эмес инвестиция салды.
Казакстанда кытайлык 4700дөй биргелешкен ишкана иштеп жатат. Казак өкмөт
башчысынын айтымында, өлкөлөр ортосунда киргизилген визасыз режим мындан ары
ишкердик байланыштарды жандандырып, сооданы жөнөкөйлөтүп, туризмди өнүктүрөт. Ал
жетинин айынын 10нан тарта күчүнө кирет. Өз кезегинде Кытай Эл Республикасынын
Мамлекеттик кеңешинин Премьери Кытай менен Казакстандын ортосунда жемиштүү көп
тармактуу кызматташтык түзүлгөндүгүн баса белгиледи.
Ли Цян, Кытай Эл
Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин премьери:
- Биздин
мамлекеттердин башчылары мамилелелерибизди мындан ары өнүктүрүүнүн
артыкчылыктуу милдеттерин жана багыттарын белгилешти. Биз казакстандык
кесиптештерибиз менен бул жогорку деңгээлдеги макулдашууларды иш жүзүнө ашыруу
үчүн бардык күч-аракетти жумшоого даярбыз. Мындай кызматташтык биздин
элдерибиздин турмуш деңгээлине жакшы таасирин тийгизет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков