К.Токаев ШКУнун жыйынында негизги демилгелер менен чыкты

К.Токаев ШКУнун жыйынында негизги демилгелер менен чыкты

Дүйнө жүзүнүн көңүлү Кытайдын Тяньцзинь шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун 25-саммитине бурулду. Ага 20дан ашуун мамлекет башчылары жана 10 эл аралык бирикменин жетекчилери катышты. Кеңештин жыйынында сөз сүйлөгөн Казакстандын Президенти Кытай Эл Республикасынын төрагасына саммитти жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Казакстан ШКУнун максаттарын – көп уюлдуу дүйнөлүк тартипти, коопсуздукту, эгемендүүлүктүн кол тийбестигин жана көп тараптуу сооданы колдой тургандыгын баса белгиледи. Мамлекет башчысы бир катар демилгелерди сунуштады. Өлкө терроризм, сепаратизм жана диний экстремизм сыяктуу «үч зулумдукка» каршы биргелешкен аракеттерди актуалдуу деп санайт. Ошондуктан, Казакстандын Президенти коопсуздукка болгон чакырыктарга жана коркунучтарга каршы күрөшүү боюнча ШКУнун 4 борборун түзүү зарыл деп эсептейт.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:

- Шанхай кызматташтык уюму менен Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин ортосундагы ишкердик байланыштарды күчөтүү маанилүү деп эсептейбиз. ШКУга мүчө мамлекеттерди Ооганстанды калыбына келтирүү, аны аймактык жана экономикалык процесстерге тартуу үчүн гуманитардык, техникалык жардам көрсөтүүнү улантууга чакырабыз.

ШКУга мүчө мамлекеттердин дүйнөлүк ИДӨгө кошкон салымы 30%га жетти. Регион ичиндеги сооданын көлөмү да олуттуу өсүүдө, анын жыйынтыгы 2024-жылдын аягында 650 миллиард доллардан ашты. Мамлекет башчысы бул багытта ишти улантуу, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты арттыруу зарыл деп эсептейт.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:

- Казакстан Кытайдын ШКУнун Өнүктүрүү банкын түзүү демилгесин колдойт жана бул келечектүү долбоорду ишке ашырууга катышууга даяр. Мындан тышкары, Астана эл аралык каржы борборунун базасында келечектүү инвестициялык долбоорлорду коштоо жана юридикалык, консалтингдик жана каржылык компаниялардын ишмердүүлүгүн консолидациялоо боюнча ШКУнун кеңсеси түзүүнү сунуштайбыз.

Президент дагы бир артыкчылыктуу багыт катары транзиттик-транспорттук чөйрөдөгү кызматташтыкты күчөтүүнү атады. Ал "Бир алкак, бир жол" мегадолбоорунун, Түндүк – Түштүк, Чыгыш – Батыш коридорлорунун, ошондой эле Транскаспий маршрутунун мүмкүнчүлүктөрүн белгиледи. Касым-Жомарт Токаев жасалма интеллектти өнүктүрүүгө да токтолду. Жакында бул рыноктун көлөмү 5 триллион долларга жетиши мүмкүн. Ошондуктан Президент ЭйАй боюнча ШКУнун серепчилик форумун түзүүнү сунуштады.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:

- Мындай биринчи жолугушууну Астанада Digital Bridge абройлуу форумунун алкагында өткөрүүгө даярбыз. Мындан тышкары, 2027-жылы Казакстан «ШКУ экономикаларынын кызматында жасалма интеллект» темасында жогорку деңгээлдеги конференция уюштурууну көздөөдө.

Касым-Жомарт Токаев дагы бир маанилүү милдет катары экология жаатында кызматташууну атап, Казакстанда ШКУнун суу маселелерин изилдөө борборун түзүүнү сунуштады. Мамлекет башчысы ошондой эле келерки жыл ШКУ үчүн мааркелик жыл болорун жана уюмдун 25 жылдыгына карата иш жүзүндөгү натыйжаларды көрсөтүү зарылдыгын эске салды. Белгилей кетсек, уюмга төрагалык Кыргызстанга өттү жана Касым-Жомарт Токаев коңшу өлкөгө ийгилик каалады. Саммиттин жыйынтыгында мамлекет башчылары 20 документке кол коюшту.

Которгон: Илгиз Жамалбеков