К.Токаев Казакстан Улуттук банкынын отчетун кабыл алды

К.Токаев Казакстан Улуттук банкынын отчетун кабыл алды

Казакстандын президенти Улуттук банктын жетекчилигинин өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча отчетун укту. Ошентип, 2025-жылы алтын-валюта резервдеринин көлөмү рекорддук деңгээл 65,5 миллиард долларга жетти.  Улуттук фонддун валюталык активдери да көбөйүп, 5 миллиардка өсүп, 64 миллиард долларды түздү. Касым-Жомарт Токаевге каржы системасын санариптик трансформациялоонун жүрүшү тууралуу да маалымдалды. Мисалы, өткөн жылы ишке киргизилген санариптик активдер үчүн атайын укуктук режим криптопровайдерлердин ишин уюштуруу, стейблкоиндерди чыгаруу жана реалдуу активдерди токендештирүү боюнча 30 долбоорду ишке ашырууга мүмкүндүк берди. Мындан тышкары, Казакстан аймакта биринчилерден болуп коопсуз биометрияны, банктар аралык эсептешүүлөрдү жүргүзүүнү, каржылык маалымат алмашуу системасын, санариптик теңгени, алдамчылыктан коргоону жана заманбап санариптик кызматтарды бириктирген Улуттук санариптик каржы инфраструктурасын ишке киргизди. Жолугушуунун жыйынтыгында Мамлекет башчысы Улуттук банкка каржы системасынын туруктуулугун камсыз кылууну тапшырды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков