ЭВФ божомолунда Казакстандагы инфляция 12%га төмөндөйт

ЭВФ божомолунда Казакстандагы инфляция 12%га төмөндөйт

Каржылык мекеменин сайтында жарыяланган маалыматка караганда, баанын арзандашы 2023-жылы 12%га чейин төмөндөшү мүмкүн. Серепчилер Улуттук банктын акча-насыя саясаты инфляциянын деңгээлин төмөндөтүүгө жана инфляциялык күтүүлөрдү турукташтыруу багытында туруктуу тенденцияга жетишүүгө көмөктөшөт деген тыянакка келишкен. Деген менен Эл аралык валюта фондунун өкүлдөрү инфляциялык басымдан улам учурдагы жогорку базалык чен күтүлгөндөн да узакка созулушу мүмкүн экенин эскертти. Эске сала кетсек, жакында эле Улуттук банктын жетекчиси Галымжан Пирматов экинчи жарым жылдыкта жөнгө салуучу банк пайыздык ченди төмөндөтүү шарттарын карай турганын билдирген. Алардын айтымында, бул чара баанын күтүлгөн деңгээлге шайкеш келиши, күйүүчү майга жана коммуналдык төлөмдөргө болгон баанын өсүшүнө карата инфляциянын деңгээлинин туруктуулугу сыяктуу орчундуу факторлордон көз каранды. Белгилей кетсек, Улуттук банктын бугу айына болжолдоосуна ылайык, Казакстанда жылдык инфляция 2023-жылдын аягына чейин 11-14%, ал эми 2024-жылы 9-11% деңгээлинде болушу ыктымал.

Которгон: Илгиз Жамалбеков