Казакстан 263 миллиард теңгелик химия өнүмдөрүн экспортко жиберди 

Казакстан 263 миллиард теңгелик химия өнүмдөрүн экспортко жиберди 

Бул тууралуу “КазМаалымат” өлкөнүн Улуттук ишкерлер палатасына шилтеме берүү менен билдирди. Инвестицияларга келсек, өткөн жылы химия тармагына 230 миллиард теңге тартылды. Адистер тармактын өнүгүү темпи жакшы экенин айтышууда. Өнүмдөрдүн көлөмү туруктуу түрдө өсүп жатат. Аталган тармактагы өсүшү 8%ды түздү. Бул акыркы жылдардагы эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири болуп саналат. Тагыраак айтканда, 908 миллиард теңгелик өнүм экспорттолду. Ата мекендик химия өнөр жайынын негизги өнүмдөрүнүн ичинен мунай-химия, жер семирткич жана органикалык химия алдыңкы орунду ээлейт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков