Эл аралык валюта фонду Казакстанга 1,6 миллиард долларга жакын атайын карыз алуу каражатын бөлдү. Бул тууралуу республиканын Улуттук банкынын басма сөз кызматы билдирди. Уюм тарабынан бөлүнгөн каражаттар эл аралык резервдердин курамын тууралоо же бюджеттик чыгымдарды каржылоо үчүн эркин колдонулуучу валютага алмаштырылышы мүмкүн. Жалпысынан, Эл аралык валюта фонду мүчө өлкөлөргө 650 миллиард доллар каражат бөлгөн.
Которгон: Илгиз Жамалбеков