Казакстан борборунун экономикасына салынган инвестициянын көлөмү көбөйүп келүүдө. 2024-жылдын
биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча 632 миллиард теңге каражат тартылган.
Бул өткөн жылдын алты айына салыштырмалуу 13%га көп. Жалпысынан 2023-жылы 1,6
триллион теңгеге салынды.
Жеке инвестицияларды тартууда да алгылыктуу динамика бар. Анын динамикасы
болжол менен 14% га өсөт. «Astana Invest» белгилегендей, бул шаардын
инвестициялык климатына болгон ишенимдин жогорку деңгээлин көрсөтүп турат.
Сабит Мухамеджан уулу, шаардык
инвестицияларды өнүктүрүү борборунун башкарма төрагасынын орун басары:
- Бизде курулуш жана өнөр жай тармагында инвесторлор бар. Орто
эсеп менен алганда долбоорлорду ишке ашырууга эки жылдай убакыт кетет. Биз бул
инвестициянын жемишин 18-20 айдан кийин көрөбүз.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков