Euronews эл аралык телеканалынын жаңылыктары казакча жарыяланат. Алгачкы программалар жумуш күндөрү YouTube каналында көрсөтүлөт, андан кийин теле эфирге да чыгат. Эл аралык жаңылыктар, негизги темалар жана экрандагы графикалык материалдар казакстандык аудиторияга ылайыкташтырылат. Алгач материалдардын бир бөлүгү түп нуска үнү менен берилип, казак тилиндеги субтитрлер менен коштолот. Кийинчерээк берүүлөрдү толугу менен мамлекеттик тилге которуу пландалууда. Президент Euronews каналынын казак тилинде жаңылыктарды таратууну колго алганын кубаттап, муну өз ара пайдалуу кызматташтыктын жаркын көрүнүшү деп атады. Өз кезегинде, Педро Варгас Давид медиа тармагына Борбор Азия элдеринин арасынан биринчи жолу казак тилинин киргенин билдирди. Мындан тышкары, Euronews телеканалынын жетекчиси казакстандыктарды жаңы Конституциянын кабыл алынышы менен куттуктады. Ал Баш мыйзамда чагылдырылган принциптер менен баалуулуктар өлкө жетекчилигинин күчтүү жана өнүккөн мамлекетти курууга болгон умтулуусун көрсөтөрүн белгиледи.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков

