Казакстандагы аба ырайынын божомолун эми
суперкомпьютер аныктайт. «Казгидромет» жаңы системаны ишке киргизди. Жаңы
технология климаттык шартты 80%га чейин тактык менен аныктай алат. Техниканын
кубаттуулугу 560 эсептөөчү ядродон турат. Жаңы системага атмосфераны изилдөөчү
атайын WRF модели орнотулган. Баштапкы метеорологиялык маалыматтарды эл аралык
спутниктен алат. Кийин ошол маалыматты өлкөнүн аймагына ылайыктап, так болжол
сунуштайт.
Амирхан Темирбаев, Farabi Supercomputer борборунун
мүдүрү:
– Кытай өкмөтү менен Казакстан өкмөтүнүн
келишиминин алкагында 20 млн долларлык суперкомпьютер Казак улуттук
университетине жеткирилген. Эми алыскы айылдардын тургундары так аба ырайын
биле алышат. Негизги натыйжа ушул.
Суперкомпьютер ар бир эки чакырым сайын аба
ырайын аныктай алат. Ал эми мурунку ыкма 16 чакырымдык чарчынын маалыматын аныктачу.
Техника бороон-чапкын сыяктуу кооптуу кубулуштар тууралуу да эскертет. Адистер
муну менен токтоп калбай, бир жума, атүгүл бир айдын болжолун жасамакчы. Ал
үчүн атайын алгоритмдер иштелип чыгат.
Ербулан Серикжанов, Санариптик ыкмалар жана
маалыматтарды иштеп чыгууну автоматташтыруу башкармалыгынын жетекчи инженери:
– 36 саатты биз 3,5 саатта эсептей алабыз. Мурунку сервердеги эсебибиз болжол менен 10 сааттан ашык убакытты алчу, 7 сааттай үнөмдөп жатабыз. Суу ташкыны сыяктууларды алдын ала жогорку тактык менен болжолдоого мүмкүнчүлүк берет. Бирок, албетте, WRF модели бизде курал, ал эми акыркы чечим синоптиктер менен чечилет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

