Этникалык казактарга арналган «Ата Жолу» картасы ишке кошулду

Этникалык казактарга арналган «Ата Жолу» картасы ишке кошулду

«Ата Жолу» картасы үстүбүздөгү жылдын кулжа айынан тарта кандаштарга жеткиликтүү болот. Картаны атайын «Куттуу мекен» мобилдик тиркемеси аркылуу иштетүүгө болот. Тиркеме жакын арада ишке киргизилет. Эмгек жана элди социалдык жактан коргоо министрлигинен билдиришкендей, «Ата жолу» картасы Казакстанда өз дараметин ишке ашыруу үчүн өлкөгө кесипкөйлөрдү жана ийгиликтүү бизнесмендерди тартат. Карта чет өлкөдө жашаган этникалык казактарга жарандыкты сактап калуу менен берилет.

Дастан Айткулов, миграция комитетинин башкарма башчысы:

- Бул жаранга жарандыгын алмаштыруунун кереги жок. Эгер ал кандаш макамын алса, бир жылдын ичинде биздин өлкөнүн жарандыгын алышы керек. Эгерде ал АКШ, Франция же Германиянын жарандыгынан ажырагысы келбесе, анда ал «Ата Жолу» картасын колдонсо болот. Ошондой эле, кандаштар менен тең укукка ээ болуп, Казакстан Республикасынын аймагында боло алат. Карта ээлеринин саясий укуктары чектелген. Башкача айтканда, ал добуш бере албайт жана шайлана албайт. Бардык башка социалдык камсыздандыруу жана медициналык камсыздандыруу укуктары камсыз кылынат. “Ата Жолу” картасынын ээлери өлкөгө киргенде 10 жылдык мөөнөткө жашоого уруксат алышат.

Жыл башынан бери 8 миңден ашуун адам тарыхый мекенине кайтып келип, кандаш макамын алды. Өлкөгө кайтып келгендердин көбү Өзбекстан, Кытай, Орусия, Монголия, Түркмөнстан жана башка өлкөлөрдөн келгендер. Этникалык казактардын басымдуу бөлүгү Алматы, Мангыстау, Түркестан жана Жамбыл облустарында, ошондой эле Астана, Алматы жана Шымкент шаарларында отурукташты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков