Казакстан Тажикстанга 3 миллиондон ашык ок-дары жиберет

Казакстан Тажикстанга 3 миллиондон ашык ок-дары жиберет

Казакстан Тажикстанга 3 миллиондон ашык ок-дарыларды жөнөтөт. Өлкөнүн Коргоо министрлиги тиешелүү мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Бул документ быйыл Казакстан мерчемдеген эл аралык келишимдердин алкагында даярдалды. Анын Тажикстан менен Кыргызстандын ортосундагы жаңжалга эч кандай тиешеси жок. Жөнөтүлгөн ок-дарылар чек ара талаштарын чечүүдө колдонулбашы керек. Жооптуу мекеме өкүлдөрүнүн айтымында, мыйзам долбоору бюджеттен кошумча каражат талап кылбайт. Бул ок-дарылар Казакстандын кампаларында бар. Ал азыр колдонулбай турат. Белгилей кетсек, буга чейин Казакстан Кыргызстан менен да ушундай келишим түзгөн.

Олжас Кусайынов, Казакстандын коргоо министрлигинин эл аралык кызматташтык департаментинин башчысы:

- Боордош өлкөлөргө аскердик-техникалык жардам көрсөтүү Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара жаңжалынын курчушуна эч кандай тиешеси жок. Бул келишимдер Ооганстандан эл аралык коалициянын аскер контингентин чыгарып кетүү алкагында аймактагы аталган өлкөлөрдүн коргонуу жөндөмүн чыңдоого багытталган. Мындан тышкары, Кыргызстанга жана Тажикстанга аскер техникаларын жеткирүү кырдаал жөнгө салынып, калыбына келтирилгенден кийин гана ишке ашат. Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун мүчөсү болгондуктан, Кыргызстан менен Тажикстан бири-бирине күч колдонуудан же коркутуудан оолак болууга милдеттүү. Мындан тышкары, чек ара талаштарын чечүүдө аскердик-техникалык жардамды колдонууга тыюу салынат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков