ӨКМ: Абай облусунда өрт өчүрүү иштери уланып жатат

ӨКМ: Абай облусунда өрт өчүрүү иштери уланып жатат

Бүгүнкү күндө өрткө каршы күрөшүү бир нече багытта жүргүзүлүүдө. Учкучсуз учуучу аппараттын жардамы менен жүргүзүлгөн абадан чалгындоо иштеринин жыйынтыгында кызыл жалын Семей шаарын көздөй жылып, жогору тарапка тарай баштаганы аныкталган, бирок ыкчам аракеттердин жана өз убагында көрүлгөн чаралардын аркасында өрттүн жайылышына бөгөт коюлду. Өзгөчө кырдаалдар министри бир күн мурун жердин татаалдыгы, катуу шамал жана жогорку температура өрттү толук өчүрүүгө тоскоол болгонун билдирген. Азыр токой өрттөрүн өчүрүүгө 1800дөн ашык адам жана 350гө жакын техника тартылды. Акыркы суткада 1500 тоннадан ашык суу колдонулду.

Зүлфия Сүлейменова, Экология жана жаратылыш ресурстар министри:

- Бүгүнкү күндө «Семей токою» ишканасынын кызматкерлерине кошумча жардам катары Экология министрлигинин 290 кызматкери, ошондой эле 88 техника, «Казавиорманкоргау» АКнын эки кошумча тик учагы жана 8 адам мобилизацияланды. Башка филиалдардан да кызматкерлерди тарттык. Каргашалуу өрт толугу менен өчүрүлгөндөн кийин иликтөө иштери жүргүзүлүп, топ түзүлөт. Андан соң өрттүн кесепетинен келтирилген чыгымдын суммасы эсептелинет.

Кошумчалай кетсек, теке айынын 1нен тарта токойчулардын айлыгы көтөрүлөт. Бул тууралуу Экология жана жаратылыш ресурстар министрлиги билдирди. Жалпысынан быйыл тармакты өнүктүрүүгө 8 миллиард теңгеден ашык каражат бөлүнгөн. Мындан тышкары, өрттүн чыгышын эрте аныктоо системасына 4 миллиард доллардан ашык каражат жумшалды. Жалпысынан 2027-жылга чейин токой чарбасынын материалдык-техникалык базасын толук жаңылоо пландалууда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков