Чет өлкөдөгү казакстандык жүргүнчүлөргө жардам көрсөтүлүп жатат

Чет өлкөдөгү казакстандык жүргүнчүлөргө жардам көрсөтүлүп жатат

Туризм же башка себептер менен чет өлкөдө жүргөн казакстандыктар үчүн мүмкүн болушунча шарттар түзүлгөн. Учурда Түркиядагы мекендештер аэропортто отурган казакстандыктарга жардам берип жатышат. Жатакана сунуштап, тамак-аш ташыгандар бар. Равиль Арыстанбеков бир нече күн мурун Стамбулга барган. Эми Казакстанга кайтып келе албай жатат.

Равиль Арыстанбеков, жүргүнчү:

- Бизди аэрорпттон алып келип, жайгаштырып, тамактандырып, жата турган жер берди.

Жанымхан Жаналтай, мекендеш:

- Казак болуп бир боло албасак, башка учурда ынтымагыбызды эч качан коргой албайбыз. Казак - кайда барса да казак. Бул эч кандай айырмасы жок. Бизде бир Казакстан бар. Ошол Казакстан эли үчүн баарын жасоого даярбыз.

Тимур Аубикиров, ыктыярчы:

- Мен өлкөбүздөгү абалга абдан кайгырып отурам. Биринчи кызым Алматыда. Алгачкы эки күндө байланыш таптакыр болгон жок. Баладан кабар жок болуп калгандан жаман нерсе жок экен. Биздин жарандар эки аэропортто тең калганын билип, чуркап жөнөдүк. Үйгө эки эжени алып келдим. Алар Казакстандагы үй-бүлөлөрү менен байланышты. Эжелерим келгенден кийин, мен да кызым менен байланыштым.

Бүгүнкү күндө Түркиядан миңден ашуун казакстандыктар кайтып келе албай жатышат. Андыктан Казакстандын Түркиядагы элчилиги менен Стамбулдагы башкы консулдугунда жүргүнчүлөргө укуктук жана маалыматтык колдоо көрсөтүү максатында атайын штаб түзүлдү. Жолдо калган жүргүнчүлөрдүн алгачкы тобу кече мекенге кайтты.

Кошумчалай кетсек, 170ке жакын мекендештер Орусиянын аэропортторунда калган. Ал өлкөдөгү элчи Эрмек Көшербаевдин айтымында, азыр колдон келгендин бардыгы жасалып жатат. Бүгүн авиакомпаниялар каттамдардын кечигүүсү тууралуу алдын ала эскертүүдө. Ошондой эле билеттин баасын кайтарып берүү же кийинкиге калтырууга кеңеш берилет. Ал эми өлкөгө келе албай жаткан казакстандыктарга жардам берүү тобу түзүлдү.

Айшолпан Аманбек, Казакстан жараны:

- Адегенде Самарага же Омскиге жетип, анан чек арадан автобус менен өтөбүзбү деп ойлодук. Бирок Москвада жашаган казактар менен кыргыздар жардам беришти. Алар бизди таап, WhatsAppтагы группага кошушту. Анан керектүү сумманы чогултуп, баш калкалоочу жай жана тамак-аш менен камсыз кылды. Биз аларга абдан ыраазыбыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков