Кыргызстанга Казакстан жөнөткөн 40 тонна гуманитардык жардам жетти

Кыргызстанга Казакстан жөнөткөн 40 тонна гуманитардык жардам жетти

Казакстандын «Биз биргебиз» коомдук фонду жөнөткөн 40 тонна гуманитардык жардам Кыргызстанга жетти. Өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги социалдык тармактардагы баракчаларына казак-кыргыз чек арасынан жүк ташыган унаалардын видеосун жарыялады. Коомдук фонд ун, кант жана башка зарыл азык-түлүктөрдү жеткирип берди. Эскерте кетсек, теке айынын 14дө Ош шаарында жана облусунда катуу сел жүрүп, 5 адам каза болгон.

Которгон: Илгиз Жамалбеков