«Эстеликтерди коргогон эл» Түркестанда ушундай аталыштагы эл аралык конференция башталды. Иш-чарага дүйнөнүн 20 өлкөсүнөн 60ка жакын серепчилер катышууда. Делегаттар Кожа Ахмет Ясавинин чыгармаларынын түрк элдеринин турмушундагы ордун талкуулашууда. Ошондой эле туризм жана ыйык жерлерге зыярат кылуу багытында жогорку окуу жайлардын кызматташуусу талкууланат. Жыйындын соңунда жогорку окуу жайлардын туризм тармагындагы кызматташуусу боюнча меморандум бекитилет.
Айдос Сакенов, Эл аралык Туризм жана Меймандостук Университетинин ректору:
Негизги максатыбыз – маданий мурасыбызды кантип сактайбыз? Туристтик потенциалды кантип жогорулата алабыз? Бул биринчи көйгөй. Тарыхый потенциалы жогору күмбөздөр көп. Аларды бардык тобокелчиликтерден, жок болуп кетүүдөн сактап, туристтик тенденциясын жайылтуу зарыл.