Астаналык кыз-келиндер маданият жана улуттук каада-салт күнүндө күтүүсүз белектерди алышты

Астаналык кыз-келиндер маданият жана улуттук каада-салт күнүндө күтүүсүз белектерди алышты

Бүгүн Казакстанда маданият жана улуттук каада-салттар күнү белгиленип жатат. Ал Ноорузду майрамдоонун улуттук декадасына кирет. Ал эми казак элинин маданий мурастарын жана үрп-адаттарын кеңири жайылтуунун алкагында Улуттук гвардиянын аскер кызматчылары Астана айымдарына «Селт эткизер» улуттук оймо-чиймелери менен кооз жасалгаларды тартуулашты. Бул илгертен келе жаткан салт – мурда жигиттер кыздарга белек беришкен. Алар Нооруз майрамынын алдында мырзаларга арнап атайын – уйкудан ойготуучу «Уйку ачар» тамак даярдашкан. Айта кетсек, салттуу шакек жана билерик түрүндөгү белектер борбор калаанын жашоочуларына чын жүрөктөн кубаныч тартуулады.

 

Айгерим Спаналы, Астана шаарынын тургуну:

 

- Бизге абдан жакты. Жагымдуу болду. Баарыныздарды майрамыңыздар менен куттуктайм.

 

Диана Сауирдинова, Борбор калаанын тургуну:

 

- Белек үчүн Улуттук гвардияга чоң рахмат. Ал эми өлкөбүз Казакстанды Нооруз майрамы менен куттуктайм.

 

Дана Балтабай, Борбор калаанын тургуну:

 

- Мен белекке таң калдым, күткөн эмесмин. Казакстандыктарды өткөн Көрүшүү күнү майрамы менен жана келе жаткан Жаңы жыл – Нооруз майрамы менен куттуктайм.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков