ESG туруктуу өнүгүү рейтингинде Казакстан ЕАЭБ жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинде жогорку орундуу ээлейт

ESG туруктуу өнүгүү рейтингинде Казакстан ЕАЭБ жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинде жогорку орундуу ээлейт

ESG туруктуу өнүгүү рейтингинде Казакстан ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жана Борбордук Азия чөлкөмүнүн ичинен эң жакшы баалуулуктарды көрсөттү. Республика тизмеде 51-орунду ээледи. Бул өлкөдө барган сайын көп компаниялар экологиялык, социалдык багыттагы жана корпоративдик башкаруу принциптерин колдонуп жатканын билдирет деп жазат Energyprom.kz порталы. Мындан тышкары, ESG көрсөткүчтөрү заманбап инвесторлор үчүн негизги критерийлердин бирине айланууда. Мисалы, 2020-жылдагы сурамжылоо көрсөткөндөй, дүйнө жүзү боюнча салым кошуучулардын дээрлик төрттөн үчү өз долбоорлорун ишке ашыруу аркылуу социалдык таасир этүүнү каалашат. Белгилей кетсек, ESGI рейтинги 179 өлкөнү камтыйт. Лидерлер Финляндия, Швеция, Исландия, Норвегия, Швейцария.

Которгон: Илгиз Жамалбеков